Россиядагы жол кырсыгында 6 адам көз жумду, арасында кыргызстандыктар да бар

Самара облусунда саат 01:30дар чамасында (Москва убактысы боюнча 00:30) А-300 унаа жолунун 109-чакырымында Honda Stepwgn микроавтобустары менен Hyundai Elantra кагышып, анын кесепетинен 6 адам каза болуп, дагы 8 адам жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

РИА Новости билдиргендей, кырсыктан каза болгондор жана жабыркагандар алдын ала маалыматтар боюнча Өзбекстан менен Кыргызстандын жарандары. Кырсык боюнча прокуратура иликтөө иштерин баштады.

Облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын башчысы Юрий Некрасовдун айтымында, Самара облусундагы федералдык трассада болгон кырсыкка каза болгон Кыргызстандын жараны кырсыктын күнөөкөрү болушу мүмкүн.

«Кыргыз Республикасынын жараны айдап бара жаткан «Хундай» үлгүсүндөгү унаа менен Россия Федерациясынын чегинен тышкары каттоодо турган «Хонда» микроавтобусунун катышуусунда жол кырсыгы катталган. Алдын ала маалымат боюнча, кырсык Hyundai үлгүсүндөгү унаанын каршы тилкеге ​​чыгып кеткенинен улам болгон», — деди Некрасов.