Сауд өнүктүрүү фонду “Кыргызстанда турак жайды каржылоо” долбооруна каражат берет

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 26-июндагы жыйынында бир катар мыйзам долбоорлорун үчүнчү окууда карап, жактырды.

Алардын бири, “2023-жылдын 24-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Кыргызстанда турак жайды каржылоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоору болду.

Ага ылайык, Сауд өнүктүрүү фонду “Кыргызстанда турак жайды каржылоо” долбоорун ишке ашыруу үчүн 25 жылдык мөөнөткө 375 миллион сауд риалы (100 млн АКШ доллары эквиваленти) өлчөмүндө насыяны жылдык 1,5% кредиттик комиссиясы, 5 жылдык жеңилдетилген мезгили менен 25 жылдык мөөнөткө берет.

Программада 40 чарчы метрден 85 чарчы метрге чейин 3000 бирдик арзан турак жай куруу каралган. Долбоор 2028-жылдын аягына чейин бүтөрү күтүлүүдө.

Мындан сырткары “Тышкы миграция жөнүндө” жана Эл аралык чукул жардам жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорлору каралып, колдоого алынды.