Баткендеги жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин тергөө аяктады


КР УКМК тарабынан Баткен облусунун Кадамжай районундагы Айрыбаз а/а жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) алкагында козголгон кылмыш ишинин тергөөсү аяктады, – деп билдиришти УКМКдан.


Маалыматка караганда, Кадамжай районунун Айрыбаз а/а токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын 581 жаранына 95 га жер тилкеси бөлүнүп берилген. Ошол эле учурда, Кадамжай районунун Айрыбаз а/а жашабаган адамдарга жер тилкесин берүү фактылары, ошондой эле айрым райондук деңгээлдеги кызмат адамдарынын туугандарына берилген фактылар тергөөнүн жүрүшүндө аныкталып, документтештирилди.


“Ишти иликтөөнүн жүрүшүндө Айрыбаз а/а башчысы К.Т., анын орун басары И.И. жана жер адиси А.А.га КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинде каралган кылмышты жасаган деген айып тагылып, ээлеген кызматтарынан четтетилишкен.
Учурда кылмыш ишин Баткен облусунун Кадамжай райондук соту карап жатат.
КР УКМК жер тилкелерин мыйзамсыз берүү үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертип, мамлекеттик кызматчыларды өздөрүнүн түз функционалдык милдеттерин абийирдүүлүк менен аткарууга чакырат”
, – деп айтылат билдирүүдө.

c5709e44 0b44 42d5 9d9f dc622e8daddd Баткендеги жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин тергөө аяктады