ВИДЕО: 20 000 АКШ доллар пара алып жаткан жеринен Чүй облусунун прокуратурасынын башкы адиси кармалды

Бул туурасында УКМК маалымат берди.

Мурда маалымдалгандай, Кыргыз Республикасынын УКМК КР Башкы прокуратурасынын тергөө башкармалыгы менен биргеликте үстүбүздөгү жылдын 23-июнунда 20 000 АКШ долларын алып жаткан жеринен Чүй облусунун прокуратурасынын бөлүмүнүн башкы адиси А.У.А. кармалган. Ал арыз ээсине карата жүргүзүлгөн текшерүүнүн материалдарынын негизинде кылмыш ишин козгобоо үчүн 50 000 АКШ доллары өлчөмүндө опузалап акча талап кылган.


Ушул жылдын 24-июнунда кармалган кызматкер тергөө аяктаганга чейин КР УКМКнын тергөө абагына камалды.

f5d6cb7e ed0a 43be 8515 6477b7ebf2d5 ВИДЕО: 20 000 АКШ доллар пара алып жаткан жеринен Чүй облусунун прокуратурасынын башкы адиси кармалды