ЖК комитети «Элдик курултай жөнүндө» мыйзам долбоорун жактырды

Бүгүн, 27-июнда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет «Элдик Курултай жөнүндө» конституциялык мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карап, жактырды.

Мыйзам долбоору тууралуу комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекова маалымат берди.

Мыйзам долбоору президенттин демилгесинин негизинде жазылган. Бул долбоорду карап чыгуу боюнча ар бир фракциядан бирден депутат катышкан жумушчу топ түзүлүп, алар 22 беренени 15ке чейин кыскарткан.

Конституциялык мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 7-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашырууга багытталган.

Бул мыйзам долбоору өткөн жылы дагы талаш-талкуудан улам кабыл алынбай калган. Элдик курултай институту 2021-жылы 5-майда күчүнө кирген Конституцияга киргизилген. Ага ылайык, былтыр сентябрга чейин атайын мыйзам кабыл алынып, курултай жыл аягына чейин жыйынга чогулушу керек эле. Мыйзам кабыл алынбай калгандыктан, президент Садыр Жапаров өз жарлыгы менен Элдик курултай өткөргөн.