Жогорку Кеңештин чыгымы эки эсеге кыскартылды

Каржы министрлиги июль айында Жогорку Кеңешти кармоого кеткен чыгымдарды кескин кыскартты. Бул тууралуу akchabar.kg сайты жазды.

Мындай корутундуну мекеменин кассалык планынын маалыматтарынын негизинде жасалган.

«Июль айынын планы боюнча бюджетте парламентке 69 миллион 228,3 миң сом каралган. Салыштыруу үчүн, июнь айында ЖКга жалпысынан 129 миллион 309,7 миң сом түшүшү керек болчу. Анын ичинен 74,8 миллион сому адегенде берилсе, андан кийин дагы 54,5 миллион сому кассалык пландын тиркемесинде көрсөтүлгөндөй, Жогорку Кеңешке кошумча бөлүнүшү керек болчу. Демек, бул айда парламентке июнь айына караганда 1,9 эсе аз каражат түшүшү керек»,-деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бул суммалардын баары пландалган, Жогорку Кеңешке иш жүзүндө канча каражат түшкөнү кийинчерээк, ведомстволук классификация боюнча бюджеттин аткарылышы жарыяланганда билинет.