Сокулукта кайрымдуулук фонд үй-бүлөлүк медицина борборун курууда

Чүйдүн Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылында үй-бүлөлүк медицина борбору курулууда. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалым болгондой, үй-бүлөлүк медицина борборунун курулушуна жергиликтүү бюджеттен 600 миң сом, Катар кайрымдуулук уюму тарабынан 10,4 млн сом бөлүнгөн.

«Учурда имараттын 98% бүттү. Быйыл октябрда пайдаланууга берилет», — деп айтылат маалыматта.