Сокулукта 13 жаштагы Арзыматова Айсезим изделүүдө

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, кыздын туугандары милицияга кайрылып, 2010-жылы туулган Арзыматова Айсезим Данияровнаны издөөгө көмөк көрсөтүүнү өтүнүшкөн. Ал 2023-жылдын 26-апрелинде Ново-Павловка айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 160-165 см, көздөрү кара, чачы далысына чейин кара, арык чырай, ак жүздүү.

Кийимдери: кара-күрөң түстөгү свитер, классикалык кара шым, бутунда ак кроссовка.

“Жогорудагы Арзыматова Айсезим Данияровнаны көргөн-билгендер төмөндөгү телефон номерлер аркылуу билдирип коюңуздарды өтүнөбүз: 03134 5-33-80, 0558 86-14-86”,- деп айтылат маалыматта.