Сузак районунда 20 жаштагы Райёна Хожматова изделүүдө

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 20 жаштагы Райёна Хожматова изделүүдө. Бул тууралуу аталган облустун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Ал 21-август күнү Ырыс айыл аймагынын Тотия айылындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес. Милиция жана туугандары аны табууга жардам сурап жатышат.

Белгилери: бою 160-165 сантиметр, ак жуумал, көзү, кашы, чачы кара.

Ал кара хиджаб кийип, жоолук салынган.

Маалыматы барлар 102, 0374850209, 0706238523, 0558596359 номурларына чалып коюуну суранабыз.