Орусиянын муфтийинин орун басары Кыргызстанда

Орусиянын муфтийинин орун басары Дамир Мухетдинов Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Кыргызстандын муфтиятынан кабарлашты.

Аны муфтийдин биринчи орун басары Самидин Атабаев жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын кызматкерлери тосуп алышты. Мухетдинов 27-августта боло турган Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылышына катышат.