Жалал-Абадда беш жашар баланы 13 жаштагы өспүрүм зордуктаган

Жалал-Абад шаарында беш жашар бала зордукталды. Бул тууралуу жабырлануучунун апасы Алия Андреева (аты өзгөртүлдү) билдиргенин 24.kg агенттиги жазды.

Анын айтымында, баланы 13 жаштагы өспүрүм зордуктаган.

«Уулумду бала багуучуга калтырып кеткем. Болжол менен 20-августта балам эмне болгонун айтып берди. Милицияга арыз жаздык, бирок алар эч кандай чара көрүшкөн жок. Мен бардык маалымат каражаттарына айтып чыгам дегенден кийин гана реакция болду. 25-августта тергөөчү экспертиза дайындады», — деди Алия Андреева.