Кыргызстан 6 айда 8,8 млн долларга помидор импорттоду

Кыргызстан быйыл 6 айда 15 миң 708,1 тонна помидор импорттоду. Бул тууралуу «Акчабар» каржы порталы жазды.

Статистика комитетинин маалыматы боюнча, сырттан сатып алынган помидорлордун баасы 8 млн 829,3 миң долларды түзгөн.

Былтыркыга салыштырмалуу импорт 3,7 миң тоннага азайган. Помидордун көбү Түркмөнстандан (6,2 млн долларга 10 миң 357 тонна) жана Өзбекстандан (2,3 млн долларга 5 миң 63,4 тонна) импорттолгон. Казакстан, Иран, Түркия, Кытайдан дагы помидор сатып алынган.

Ошондой эле Кыргызстан чет жакка 418,9 тонна помидорду 175,5 миң долларга саткан. Экспорт Казакстанга (152,3 миң долларга 256,8 тонна) жана Орусияга (23,2 миң долларга 162,1 тонна) жасалган.