Улуттук банктын алтын кору 2 млрд 512 млн долларды түзөт

Бүгүнкү күнгө карата Улуттук банктын алтын кору 2 млрд 512 млн долларды түзөт. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук банктын акча-кредиттик операциялар башкармалыгынын башчысы Азат Козубеков билдирди.

Анын айтымында, банкттын активдеринин корунда алтын дагы бар.

«Улуттук банктын активдериндеги алтындын жалпы көлөмү жөнүндө сөз кыла турган болсок, анда 31-июлга карата бизде 49,8 тонна алтын бар», — деди ал.