Иликтөө: Чаткалда алтын казып жаткан компаниялардын көбү салык төлөгөн эмес

YouTube video

 “Шаман ТВ” жасаган иликтөөдө лицензиялар колдон колго өткөн, айрым учурда ээси ким экени белгисиз. Токой, тал-терек кыйылып, дарыя-суулардын нугу бузулгандыктан айлана-чөйрө кайра калыбына келтирилбегени ачыкка чыкты. Чаткалда чачыранды алтын казып жаткан компаниялардын берилген жердин лицензиясынан ашып, көбү салык төлөгөн эмес. Ал эми казылган жерлерге өсүмдүк өспөй калган. Тургундардын айтымында, өсүмдүктөрдүн арасында Кызыл китепке кирген, сейрек кездешүүчү өсүмдүктөр жоголуп кеткен.

“Эко мир” КФУнун директору Гамал Сооронкуловдун айтымында, бүтүндөй экосистема бузулган.

“Бул жакта казылган жерлер лицензияга берилген жерлерге кирген эмес. Мен көрбөй туруп айта алам. Бак-дарактарды көмүп коюшкан. Бул жердин баары токой болчу, азыр суусу да бузулду. Себеби жылкы да ичпей калды сууну. Маринка деген балыкты жок кылдык. Токой жок, жайыт, жаныбарлар жок. Оомийин!”

Белгилей кетсек, Чаткалда 130дан ашуун фирмага лицензия берилген экен