Айтматов районунда мал базарда уурулуктун алдын алуу иштери күчөтүлдү

Бул туурасында Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирет.
Талас облусунун Айтматов районунун Кызыл-Адыр айылында жума сайын мал базар иштеп, чоң ярмарка болот. Учурда элдер массалык түрдө балдарын мектепке даярдап, базарларда элдин кыймылынын көптүгү күч алууда.

Айтматов РИИБдин коомдук коопсуздукту камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан алдын алуу иштерин күчөтүүдө. Алар чөнтөк уурулукка жол бербей, топторго бөлүнүп, базардын ар бир аймагына бөлүнүп иш алып барууда. Ишкерлерге акча каражаттарына сак болуп, шектүү жарандар болсо, дароо милицияга билдирүүсүн эскертишти. Андан тышкары, коюлган видео байкоочу камераларды текшерип, аларды көбөйтүү максатында жергиликтүү бийлик жана ишкерлерге кайрылууда. Мал уурулук кылмыштарын алдын алуу үчүн ар бир мал алып саткан жарандар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

edf4ec8a 8de4 4981 8929 12cd03afa787 Айтматов районунда мал базарда уурулуктун алдын алуу иштери күчөтүлдү

Тийиштүү уруксат кагаздары керектигин айтып, талапка жооп бере тургандай тартипти талап кылышууда.

d0c38b5b cb9e 4778 8676 7612eb83bfbb Айтматов районунда мал базарда уурулуктун алдын алуу иштери күчөтүлдү
2eb3d04b 380a 4845 b710 edc4def9b7b7 Айтматов районунда мал базарда уурулуктун алдын алуу иштери күчөтүлдү