Талас ОИИБге жаңы жетекчи дайындалды

Талас ОИИБге жаңы жетекчи дайындалганын облустук милициядан маалымдашты.


Маалыматка караганда, 18 -август күнү КРнын ИИМ буйругу менен Талас облустук ички иштер башкармалыгына милициянын полковниги Азенбек Козукеев башчы болуп дайындалды. Ал 1982-жылы Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Ленин айылында туулган.


2005-жылы КРнын ИИМдин Академиясын аяктаган.
Ички иштер органдарында 2000-жылдан бери. Өз кызматын эң биринчи Жалал-Абад облусунда опер кызматкеринен баштаган. Ошол эле облуста Майлуу-Суу, Сузак райондорунда кылмыш иликтөө бөлүмдөрүндө башчы, андан соң 2022-жылы Таш-Көмүр жана 2023-жылы Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмүндө башчы болгон. 2023-жылдын апрель айынан бүгүнкү күнгө чейин Талас ОИИБдин башчысынын орун басары кызматын ээлеп келген.