Бишкекте 33 жаштагы Талант Кубанычкул уулу изделүүдө

    Бишкекте бир аптадан бери дайынсыз болуп жаткан 33 жаштагы Талант Кубанычкул уулу изделүүдө. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынан билдиришти.

    Маалыматка караганда, 31-июлда милицияга Т.К. аттуу аял кайрылып, бир тууганы Талант Кубанычкул уулу 26-июлдан бери дайынсыз болуп жатканын билдирген. Белгилүү болгондой ал Ысык-Ата районундагы (Чүй) үйүнөн чыгып, Бишкектеги Чыгыш автобекетинен түшүп калып, андан кийин дайынсыз жоголгон.

    Өзгөчө белгилери: Бою 170-175 см, олбурлуу, көзү кара. Бетинде операциядан калган так тар. 2-топтогу майып, Республикалык психикалык ден соолук борборунда каттоодо турат.

    Ак-кара түстөгү футболка, көк түстөгү чолок шым кийип жүргөн.

    Милиция Талант Кубанычкул уулуну табууга жардам бере турган маалыматы бар жарандарды 0702 49-88-88, 0704 85-58-12, 0704 103-102 же 102 кызматына кабар берүүсүн суранат.