Темир көтөрүп коркуткан айдоочуга 16 миң сом айып салынды

Бишкек – Манас аэропорту жолунда жүк ташуучу унаанын айдоочусу карама-каршы тилкеге чыгып, башка унаалардын алдын тороп, жеңил унаанын айдоочусуна темир көтөрүп чуркаган. Окуянын видеосу соцтармактарга тараган.

Видео соцтармактарга чыккандан кийин Чүй облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери аталган айдоочуну таап, ага айып пул салган. Айдоочу Укук бузуулар кодексинин 188-беренесинин 5-бөлүгү жана 192-беренесинин 1-бөлүгү боюнча 15 миң жана 1 миң сом айыпка жыгылган.

Ал эми айдооучунун VOLVO-FH12 унаасы айып аянтчасына токтотулган.

Инспекторлор айдоочу менен түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.

ЖКККБнын кызматкерлери айдоочулардан жол эрежесин сактоону суранат.

screenshot 24 Темир көтөрүп коркуткан айдоочуга 16 миң сом айып салынды