4 жаштагы Рысбекова Сумая аман-эсен табылды

Дайынсыз жоголгон 4 жаштагы Рысбекова Сумая аман-эсен табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билиришти.

Маалыматка ылайык, 19-августта Жайыл РИИБине Р.У аттуу жаран кайрылып, ал 17-августтан бери дайынсыз болуп жаткан 2019-жылы туулган жээни Рысбекова Сумаяны издөөгө көмөктөшүүнү суранган.

Аталган факт Жайыл РИИБине катталып, тергөө иштери башталган.

2023-жылдын 21-августунда издөө иштеринин жүрүшүндө Чүй ОИИБинин жана Жайыл РИИБинин кызматкерлери тарабынан Рысбекова Сумая Бишкектеги балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү колдоо борборлорунун биринен табылган.