Мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн россиялык кармалды

Мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн М.М.М. аттуу Россия Федерациясынын жараны Ысык-Көл облусунан кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымтка ылайык, 20-августта УКМК тарабынан эл аралык террористтик уюмдарга каршы жүрүп жаткан террористтик-иш-чаралардын алкагында, радикалдык идеологияны карманган (16.08.22-ж) бери мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн 1995-жылы туулган, Россиянын М.М.М. аттуу жараны Ысык-Көл облусунун аймагынан кармалды. Ал Сириядагы ЭТУнун эмиссарларынын көрсөтмөсү боюнча, ЭТУну каржылоо максатында, Кыргызстандагы колунда бар жарандарына бир катар каракчылык кол салууларды жасоо ниетинде Кыргыз Республикасынын аймагында мурда соттолгон жарандарды тарбиялоо үчүн келгендиги аныкталды.

Такталгандай, жогоруда кармалган жаран 2023-жылдын январь айында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп, 1993-жылдын 21-декабрында туулган С.И.В. аттуу жарандын атына Россия Федерациясынын жаранынын жасалма паспортун колдонуп, Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн.

Азыркы учурда кармалган адам КР УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Мыйзамсыз аракеттерди документтештирүү боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Улуттук коопсуздук органдары тарабынан террористтик жана диний-экстремисттик ишмердүүлүккө тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү иштер улантылууда.