Жалал-Абадда адам өлтүрүүгө шектелип, 1974-жылы туулган жаран кармалды

Базар-Коргон милициясы изи сууй электе адам өлтүрүү фактысынын бетин ачты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-август күнү саат 08:25 чамасында Базар-Коргон РИИБге 21 жаштагы район тургуну кайрылып,  үйүнүн алдындагы сөрүдө 34 жаштагы тууганынын жансыз денеси жаткандыгын билдирген.

Аталган факты боюнча Базар-Коргон РИИБдин жетекчилиги жана тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге чыгып, жансыз дене материалга оролгон абалда жаткандыгы аныкталган.

Бул окуя боюнча топтолгон материалдар Базар-Коргон РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Базар-Коргон РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө, кылмыш иши изи сууй электе ачылып, шектүү катары Базар-Коргон шаарынын тургуну 1974-ж.т. А.Г. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Алгачкы териштирүү иштеринин жүрүшүндө адам өлтүрүү фактысы спирт ичимдигин ичүүдөн улам келип чыккандыгы белгилүү болгон.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.