Автобустардын жана троллейбустардын айдоочулары накталай акча менен төлөөнү талап кылууга укугу жок

Бир күндө бардык категориялар боюнча 53 000 жол кире накталай эмес жол менен төлөндү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Алардын арасында төлөмдөрдүн бардык түрлөрү бар:

— Кыргызстандын бардык банктарынын VISA жана ЭЛКАРТ контактсыз карталары;
— виртуалдык NFC картасы;
— Тулпар жана  Balance, Mbank, Megapay жана башка тиркемелер аркылуу  QR сканерлөө;
— Тулпар тиркемесинде транспорттук кодду киргизүү менен.

Белгилей кетсек, 11 сом стандарттык тариф менен (жеңилдик алгандарды эсептебегенде) троллейбуста 17 миң 644 жана автобуста  19 миң 881 жол кире төлөндү.

«Муниципалдык транспорттун, автобустардын жана троллейбустардын айдоочулары накталай акча менен төлөөнү талап кылууга укугу жок. Жол кире акысын накталай акча менен кабыл алуу — белгиленген талаптарды бузуу болуп саналат!  Айдоочуларга транспорт карталарын сатуу гана жүктөлгөн»,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 20-августтан тарта муниципалдык автобустарда жана троллейбустарда накталай төлөм толугу менен алынып салынды.