Бир жумада Бишкекте жол эрежелерин одоно бузган 6307 эреже бузуучулар катталды

Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын Басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын август айынын 11-күнүнөн 17-күнүнө чейин Бишкек шаарынын айланасында, Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жол кырсыктарын алдын алуу багытында жүргүзүлгөн рейддик иштердин жыйынтыгында, жол эрежелерин одоно бузган 6307 эреже бузуучуларды аныкташты, анын ичинен:

  • -32 мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаруусу;
  • -133 айдоочу унаа каражатын көрсөтүлгөн ылдамдыктан ашыкча айдагандыгы үчүн;
  • -26 айдоочу унаа каражатынын терезелерин мыйзамсыз карангылаткандыгы үчүн;
  • -76 айдоочу унаа каражатын айдоочулук күбөлүгү жок башкаргандыгы үчүн;
  • -3383 жол белгилеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн;
  • -379 унаа каражатын тиешелүү каттоосу жок башкаргандыгы үчүн;
  • -691 жөө жүрүүчүнүн жол кыймылынын эрежелерин бузуусу;
  • -835 мотошлемдерди же коопсуздук курларын пайдалануу эрежелерин бузуу;
  • -1131 башка бузуулар;
  • -749 унаа атайын токтотуучу жайга токтотулду.

  • “Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматы жол кыймылынын бардык катышуучуларына эскертет. Эсиңизде болсун, жолдогу жүрүм-турумуңузга өзүңүздүн гана эмес, айланаңыздагы адамдардын да коопсуздугу көз каранды. Жол эрежесин так сактап, ылдамдыкты ашырбай айдаңыз“, – деп айтылат маалыматта.