Жаныбек Абиров өз каражатына спорт аянтчасын курган эмес

Ленин райондук администрациясы «Ала-Тоо» жаңы конушунда Жаныбек Абировдун каражатына спорт аянтчасы курулганын четке какты. Бул тууралуу акимчиликтен билдиришти.

Алардын айтымында, 8-июлда ал жерде салтанаттуу шартта спорттук-эс алуу аянтчасы ачылган. 0,8 гектар аянтка курулган мекемеде футбол аянтчасы, баскетбол аянтчасы, чуркоо аянтчасы, машыгуучу аянтча, пенсионерлер үчүн сырткы машыгуучу жабдуулар жана балдар аттракциондору бар.

«Иш-чарага Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жаныбек Абиров активдүү катышкан. Массалык маалымат каражаттарында «долбоорду Жаныбек Абиров жана анын командасы ишке ашырды» деген маалымат материалдар жарыяланган. Буга байланыштуу борбордун жашоочулары бул жерди Абиров курдуруп, балким өзүнүн мээнети менен тапкан каражатына да салдырган деген пикирди түзүшкөн», – деп билдиришти райондук администрациядан.

Бирок, акимчилик түшүндүргөндөй, бул участок республикалык бюджеттин эсебинен 14 миллион сомго курулган. Аянтчанын ачылышына Жаныбек Абиров чакырылган эмес, ал конок катары катышкан.