Дастан Бекешов: Жаныбек Абировго козголгон кылмыш иши токтотулган жок

Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев өзүнүн Telegram каналында билдирди.

Анын айтымында, жабырлануучу каршы арыз жазганына карабай, соттук териштирүүлөр уланууда.

Белгилей кетсек, Жаныбек Абиров 27-мартта мушташтын айынан мандатын тапшырууну чечкенин билдирген. Ал эми БШК анын арызын кабыл алып, аны мандатынан ажыраткан. Борбордук шайлоо комиссиясы Ленин райондук бир мандаттуу округда эки айдын ичинде жаңы шайлоо дайындалышы керектигин түшүндүрдү.

Эскерте кетсек, 12-мартта социалдык тармактарда кафелердин биринде эки адам ур-тепкиге алынганы тартылган видео тараган. Жабыркаган адамдар ыкчам чара көрүү тобунун кызматкерлери экени айтылууда. Ал эми, алардын бирөөсүн ур-тепкиге алган адам Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров экени белгилүү болгон.

Милиция окуянын катышуучулары аныкталып, иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирген. Милицияга Д.А. аттуу жаран кайрылып, 12-мартта саат 03:30 чамасында Элебаев көчөсүндөгү ресторандардын биринде аны белгисиз адам сабаганын билдирген. Натыйжада жабырлануучу Улуттук госпиталга кайрылган. Анын башынан жаракат алганы аныкталган. Ур тепкиге кабылган жаран ооруканага жаткырылган