Баткенде милиция кызматкерлери кампадан уурдалган мүлктөрдү ыкчам таап беришкен

Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Анда Кызыл-Кыя шаарынын 42 жаштагы тургуну Үч-Коргон айыл аймагындагы товар сактаган кампасынан 2023-жылдын 13-март күнү жалпысынан 228 миң сомдук сатылуучу буюмдарын белгисиз жарандар тарабынан уурдалып кеткендигин билдирип арыз менен кайрылганы айтылат.
“Бул арыз Үч-Коргон айылдык милиция бөлүмчөсүнүн КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен катталып, Үч-Коргон АМБнүн кызматкерлери ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмыштын изи сууй электе шектүү катары Ош облусунун Отуз-Адыр айылынын тургуну 54 жаштагы М.А., Ош облусунун Ноокат районунун тургундары 59 жаштагы Д.А. жана 68 жаштагы Ж.Т. Үч-Коргон айыл аймагынан аныктап кармашкан”, – деп айтылат маалыматта.
Шектүүлөр кармалган учурда жанынан жабырлануучунун уурдалган буюмдары далил зат катары табылган.
Азыркы күндө уурдалган буюмдар өз ээсине кайтарылып берилип, тергөө иштери уланууда.