Бишкекте 213 миң сомдук тоо велосипедди уурдаган адам кармалды

Бишкекте кымбат баалуу тоо велосипедин уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 9-август күнү Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына Россиянын жараны Х.Д., кайрылып, анын 213 миң сомдук тоо велосипедин уурдап кетишкенин билдирген. Окуя саат 11:50 чамасында Байтик Баатыр жана Горький көчөлөрүнүн кечилишиндеги соода борборлорунун биринин жанында болгон. 

Милиция кызматкерлери боюнча  Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси “Уурдоо” боюнча кылмыш ишин козгогон. Кылмышка шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон 1985-жылы туулган А.Б. кармалган.

Кармалган адам Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Көп өтпөй анын башка велосипеддерди да уурдоого тиешеси бар экени белгилүү болду.

Кармалган жарандын аракеттеринен жабыркагандар же кандайдыр бир маалыматы барлар 0702 00 33 30 же 102 телефондору аркылуу кабарлашса болот.

Бишкекте 213 миң сомдук тоо велосипедди уурдаган адам кармалды
Бишкекте 213 миң сомдук тоо велосипедди уурдаган адам кармалды