Эдилов Талас облусунун башчысынын биринчи орун басары болду

Талантбек Эдилов Талас облусунун башчысынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Бүгүн, 25-августта облустук администрацияда жыйын болуп өтүп, Талантбек Эдилов эмгек жамаатка тааныштырылган.