Бишкекте 450 доллардан ашык акча уурдаган шектүү кармалды

Бишкекте уурулук жасоого шектелип 27 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан маалымдашты.

Билдирүүгө ылайык, 14-августта милицияга Б.А. аттуу жаран кайрылып, Турусбеков көчөсүндөгү үйдөн Д. аттуу чала тааныш аял 468 доллар акчасын жана iPhone 11 Pro телефонун уурдап кеткенин билдирген.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

«Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 27 жаштагы К.Д. аттуу шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган», — деп айтылат маалыматта.