Эмил Жамгырчиевге козголгон кылмыш иши токтотулду

Соттун басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, судья Жамгырчиевдин жактоочусунун “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” мыйзамдын 28-беренесинин 2-бөлүмү боюнча Конституциялык сотко кайрылуу өтүнүчүн канааттандырган.

Беренеде депутатты Кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга парламенттин макулдугун алуу тартиби каралган.

Чечимге ылайык, Конституциялык сот өтүнүчтү карап чыкканга чейин кылмыш иши токтотулуп турат. Ал эми айыпталуучулардын өлкөдөн чыгуусуна тыюу салуу чечими күчүндө калды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 2020-жылы ошол кездеги Каржы полициясынын жетекчисинин мурдагы орун басары Эмил Жамгырчиев жана өкмөттүк аппараттын башчысынын мурдагы орун басары Бактыбек Калмуратов пара алууга айыпталып кармалганын кабарлаган.

50 миң долларлык пара тууралуу айыптоолорду Жамгырчиев “ыплас ушак” деп атап, кийин мамлекетке 20 миллион сом төлөп, үй камагына чыккан. Жамгырчиев менен кошо кармалган Калмуратов дагы үй камагына чыгарылган. Экөө тең кийин Жогорку сотто акталган.

Былтыр 6-декабрда Башкы прокуратура аларды актаган сот чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку сотко кайрылганы, иш боюнча жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу өтүнүч келтирилгени белгилүү болгон.