Кайгуул кызматы: «Жайында эс алабыз, бирок жол эрежесин унутпайбыз!»

Дал ушундай ураан менен ЖКККББнын Ысык-Көл ОИИБ боюнча кызматкерлери жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чараларды туруктуу негизде өткөрүп турушат. Анткени, Кыргызстандын бермети – Ысык-Көлдө эс алууну чечкен туристтердин көптүгүнөн улам, жай мезгилинде облустун жолдорунда транспорт агымы байкаларлык көбөйөт.
Ысык-Көл ОИИБ боюнча ЖКККББнын маалыматы боюнча, ар бир дем алыш күндөрү облустун аймагына 40 миңден 50 миңге чейин автоунаа кирет.

Тилекке каршы, көптөгөн айдоочулар жана жөө жүргүнчүлөр эстен кеткис эс алуусун өткөрүп жатышып, жол эрежесинин талаптарын эстен чыгарып коюшат. Мындай кенебестик, адатта кайгылуу жол кырсыктарына алып келет.


Алып айтсак, 29-июлдан 5-августка чейин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тарабынан жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн 1119 протокол түзүлсө, анын ичинен 31 айдоочу унаасын мас абалында башкарып бара жаткан жеринен кармалган. Ылдамдыктын талаптарын сактабагандыгы үчүн 388 айдоочу, ал эми жол белгилеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн 89 айдоочу жоопко тартылды.

shtraf zhol Кайгуул кызматы: «Жайында эс алабыз, бирок жол эрежесин унутпайбыз!»


Мекемеден белгилешкендей, жөө жүргүнчүлөр менен айдоочулар – жол кыймылынын катышуучуларынын негизги категориялары болуп эсептелинет. Күнүмдүк жашоодо алар бири-бирине сылык мамиле кылышат, бирок жолго басып чыкканда, унааны башкарууга отурганда, бул категориядагы жарандар башкача болуп калышат.

«Трамвай эмес, айланып өт», — деп, ынандырат жөө жүргүнчү, бара жаткан унаанын алдына чыгып. «Мамы эмес — басып кетет» – деп, жөө жүргүнчүгө карата айдоочунун пикири такыр башкача болот. Кайчы пикирлердин натыйжасында, жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен жол кырсыктарынын учурлары өзүнүн «терс түшүмүн» жыйнайт.


«Жол каталарды кечирбейт, алардын баасы өтө жогору болушу мүмкүн. Эсиңизде болсун, жогорку ылдамдыкта бара жаткан унааны токтотуу үчүн бир нече секунда талап кылынат, ал эми адамдын өмүрүн кыюга – болгону бир секунда жетиштүү. Өмүр – бул адам баласына тартууланган баа жеткис белек болуп саналгандыктан, ар бир адам бул белекти сактоого милдеттүү», – деп баса белгилешти Ысык-Көл ОИИБ боюнча ЖКККББдан.

7c7ea2c7 a0dd 4795 8472 4badb276a8cb Кайгуул кызматы: «Жайында эс алабыз, бирок жол эрежесин унутпайбыз!»
8f69940c c6a7 4b92 a1d7 977bda3681ff Кайгуул кызматы: «Жайында эс алабыз, бирок жол эрежесин унутпайбыз!»