Бүгүн, 11-августта, Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарында жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу багытында, Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынын жетекчилиги жана бригадирлери менен жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бул профилактикалык иш-чаралардын максаты шаардык жүргүнчү ташыган транспорт каражаттарынын катышуусунда жол-транспорт кырсыктарына жол бербөө, ошондой эле айдоочулар арасында жол кыймылынын эрежелерин сакталышы тууралуу профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Жолдо жалгыз эле айдоочунун коопсуздугу эмес, айдоочунун жүрүм-турумунан айланасындагы адамдардын да коопсуздугу көз каранды экендигин жана жол эрежесин так сактап, коопсуздукка терең көңүл буруу зарыл экендигин эскертишти.
![569be382 9518 41f7 a7fd 79f388eb75a9 Бишкекте жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу багытында иштер аткарылууда](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/08/569be382-9518-41f7-a7fd-79f388eb75a9.jpeg)
![1c5e7edb 5f61 4be0 a92e 3fc6e2cb73ec Бишкекте жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу багытында иштер аткарылууда](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/08/1c5e7edb-5f61-4be0-a92e-3fc6e2cb73ec-1200x675.jpeg)