Ыдык көрсөтүлгөн 9 жаштагы кыздын апасы кысымга кабылып, Акыйкатчыдан көмөк сурады

Бул тууралуу Акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, кошунасы ыдык көрсөткөн 9 жаштагы кыздын апасы коомчулуктан көмөк сурады. Ал учурда сотто өзүнүн кызынын укугун коргоого аракет кылууда, бирок ага катуу кысым көрсөтүп жатышат.
Аргасы кеткен А. Т. аттуу аял КРнын Акыйкатчысы Джамиля Джаманбаеванын жеке кабыл алуусуна келди. Аял ага ар тараптан кысым көрсөтүп жатышканын айтты.
“Сот процесси создуктурулуп жатат, жети сот процессинин ичинен бешөө өтпөй калды, анткени айыпталуучуну сотко алып келишкен жок. Андан кийин эле судья эмгек өргүүсүнө чыгып кетти. Улам эле процессти токтотуп салышкандыктан, мен жумушка дагы бара албай жатам, үйдү карап багып жаткан жалгыз менмин. Анан калса жактоочунун акчасын дагы төлөшүм керек. Ал эми процесс болсо кайра-кайра эле өтпөй калып жатат. Анысы аз келгенсип мени “талоонго” алышууда-башка коңшуларым мени да, кызымды да жамандашууда. Күн сайын ар кандай чагымдарды кылышып, мага каршы арыз да жазышты. Бизди жек көрүндү кылгылары келип жатышат. Мен болгону өзүмдүн кызымды коргогум келет жана күнөөлүү киши жазасын алып, акыйкаттыкка жетсем дейм. Эмне кылсам болот? Мага камкордук, көмөк керек…”,-деп ыйлады аргасы кеткен аял.


Эскерте кетсек, азыркы учурда Сокулук райондук соту 9 жаштагы кызга карата ыдык көрсөтүү боюнча кылмыш ишин карап жатат.
Аталган иштин материалына таянсак, М. А.(коңшу) аттуу жаранга карата 158-берене боюнча кылмыш иши козголгон.
2023-жылдын 6-февралында А. Т. анын 9 жаштагы кызына кошунасы ыдык көрсөткөнүн билгенден кийин милицияга арыз берген. Комплекстүү экспертиза кыз эркек тараптан ага ыдык көрсөтүлгөнү тууралуу факты жөнүндө чындыкты айтып жатканын тастыктаган.


Буга чейин ЖМКга кыздын апасы кошунасынын жосунсуз жоругу тууралуу кантип билгенин маалымдаган. Анын айтымында, кызы ыйлап жумушка кеткенде кошунасыныкына таштабоону суранган, анткени кошунасы аны дайыма өпкүлөй берээрин жана мындан улам жүрөгү айланып кускусу келээрин айткан.


Кыздын энеси башка маалыматтар тууралуу дагы бөлүшкөн, кийинчерээк кошунасы түн ичинде кичинекей кыз уктап жаткан бөлмөгө кирип аны чечинтип, кармалаган.
Кыз ыйлап жибергенде эркек киши аялы жана балдары ойгонуп кетет деп коркуп кетип калган. Аял мунун баарын кызынан уккандан кийин арыз жазган.


Институттун балдардын, аялдардын жана үй-бүлөнүн укуктарын коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери аталган кейсти кылмыш иши башталгандан тартып карап жатышат — кыздын апасына укуктук кеп-кеңеш беришкен. Мындан тышкары тергөө маалындагы баардык укук бузуулар боюнча институт укук коргоо органдарына жана прокуратура органдарына кайрылган.
Акыйкатчы Джамиля Джаманбаева мамлекеттик органдарды сотто кыздын укуктарын коргоону камсыз кылууга чакырды.
Негизинен Акыйкатчы Жазаларды аткаруу кызматынын жетекчилигине айыпталуучуну убактылуу кармоочу жайдан сотко жеткирүүнү камсыздоого кайрылды.
Ошондой эле Акыйкатчы башка жактоочуларды сотто кыздын укуктарын корголушу үчүн анын апасына көмөктөшүүгө чакырды. Соттун кийинки отуруму 14-августка дайындалды. Процесс жабык режимде өтөт.