Акыйкатчынын эки орун басары шайланды

Бүгүн, 14-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Акыйкатчынын эки орун басары шайланды.

Депутаттар Айчүрөк Назаралиева менен Шухрат Айтиевди акыйкатчынын орун басары кызматына шайлады. Андан соң Назаралиев менен Айтиев ант беришти.

Белгилүү болгондой, Айчүрөк Назаралиева 1975-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин юридика факультетинин укук таануу адистиги боюнча аяктаган.

Назаралиева буга чейин мугалим, жактоочу, аны менен бирге парламенттин аппаратында иштеген.

Шухрат Айтиев 1984-жылы туулган. 2008-жылы Ош мамлекеттик университетин психология, ал эми, 2018-жылы Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин юриспруденция багыты боюнча аяктаган.

Ал буга чейин журналист, Кара-Көл шаардык социалдык коргоо башкармалыгынын башкы адиси (2010-жылы), коомдук фонддордо долбоордун менеджери, Жогорку Кеңештин депутатынын жардамчысы, парламенттик фракция катчылыгынын эксперти, сектор башчысы кызматтарында иштеген. 2021-2023-жылы Транспорт министрлигинин Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин директору кызматын ээлеген.

ajchyrok nazaralieva Акыйкатчынын эки орун басары шайланды