Альберт Колопов Акыйкатчы институтунун орун басары кызматынан бошотулду

Бүгүн, 14-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Акыйкатчы институтунун орун басары Альберт Колоповду мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу чечими кабыл алынды.

Колоповду кызматтан кетишине 78 депутат добуш берип, кызматынан боштулуп, Жогорку Кенештин тиешелүү токтому кабыл алынды.

Парламенттин депутаттары буга чейин 3-майда акыйкатчы Атыр Абдрахматованы кызматтан алуу чечимин кабыл алышкан. Ага 50 депутат Абдрахматованы отставкага кетирүүгө макулдугун берип, 5 депутат каршы чыккан.

Автор: Жоробекова Шахра