Мал уурдагандарга жаза күчөтүлдү. Эми 10 жыл болот

Жогорку Кеңеш Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү биринчи окууда карап, кабыл алды. Мындай чечим парламенттин 14-июндагы жыйынында кабыл алынды.

Ага ылдайык, тиешелүү мыйзам долбоорун бир нече депутат демилгелеген. Демилгечилердин бири Мейкинбек Абдалиев («Ата Журт», Кыргызстан) «Мал уурдоону» Кылмыш-жаза кодексине өзүнчө берене катары киргизүүнү жана 10 жылга эркинен ажыратуу жазасын күчөтүүнү сунуштап жатышканын билдирди.

Анын айтымында, мурда 6 жаштан 8 жылга чейин болчу.