Баткенде Тажикстан тарапка кирип кеткен мал ээлерине кайтарылып берилди

Бул маалыматты Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы таратты.

Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургуну 30 жаштагы С.С. кароосуз жүргөн 6 баш ири мүйүздүү малдары СМУ тилкеси менен чектешкен Тажикстан Республикасынын Исфара районунун Чорку айылына 2023-жылдын 8-июль күнү кирип кеткен.
Көк-Таш айылдык милиция бөлүмчөсү менен Согди облусунун Исфара-2 РИИБдин милиция кызматкерлери сүйлөшүүлөрдүн негизинде 2023-жылдын 9-июль күнү кыргыз тараптын тажик тарапка өтүп кеткен 6 баш бодо малы кайтарылып, өз ээлерине тапшырылды.
Эки өлкөнүн милиция кызматкерлери чек ара аймактарында эки элдин ортосунда ар кандай пикир келишпөөчүлүктөрдүн жана улуттар аралык чыр-чатактардын алдын алуу, чек ара тилкелеринде жашаган тургундарга мал жандыктарына сак болуусун эскертип, коомдук коопсуздукту көзөмөлдөөнү колго алган.