Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды экологияга аяр мамиле жасоого чакырды

Өлкө башчысы Садыр Жапаров экологиясына тынчсызданып, кыргызстандыктарды экологияга аяр мамиле жасоого жана таштандыларын жыйнап кетип турууга чакырды. Бул тууралуу ал ӨКМ кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде айтты.

Анда өлкө башчы Ысык-Көлдүн суусун куткаруучулар 4 айдан бери тазалап жатканын, бул аралыкта 96 миң метрге жакын тор жана 6 тонна таштанды чыгарылганын айтты.

«Экология темасын улай көлдүк туугандарыма кайрылып кетейин. Бул эмне деген акмакчылык?! Көлдүн түбүнүн баары тор болуп кеткен. Келиңиздер, адам баласыбыз го акыры, балыктарга дагы 3 жыл, 5 жыл тынч жашоо бербейлиби. Мораторий кирген, балык жебей койсоңор эч нерсе болбойт», — деди Жапаров.