Төрага Шакиев: Байсаловдун айткандарын көз жаздымда калтырбайбыз

Бүгүн, 21-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун депутаттардын дарегине айткан сөздөрү боюнча комментарий берип, аткаруу бийлиги Жогорку Кеңештин аброюна шек келтирүүгө укугу жок экенин, Эдил Байсаловдун кызмат абалын кароого убакыт келгенин айтты.

«Эдил Байсаловдун Жогорку Кеңештин социалдык комитетинин жыйынында айтканын жана андан кийин берген маектеринде айткандарын көз жаздымда калтырбайбыз. Мен дароо эле Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен сүйлөшүп, катуу эскертүү беришин талап кылдым. Бул биринчи жолкусу эмес. Эдил Байсалов мыйзам чыгаруу бийлиги менен аткаруу бийлигинин ортосунда чоң жарака кетирип, ойлонулбаган сөздөрдү сүйлөгөнү үчүн тартип жоопкерчилигине тартылышы керек, бул боюнча президент менен да сүйлөшөм», — деди төрага.

Эске салсак, 20-июнда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитет жыйында депутаттар тарабынан Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун дарегине бир катар сындар айтылып, кайым айтышуулар менен коштолду.