Бишкектеги мектептер кайгуулчулардын катуу көзөмөлүндө

Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек шаарында орто билим берүү мектептерде кайгуулдарды уюштуруп жатышат.

Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.


Башкармалыктын кызматкерлери бүгүн Бишкек шаарындагы мектептердин баардыгына бөлүнүп, мектеп алдыларында жол коопсуздугун камсыз кылышып, мектептеги иш-чарага катышып, мектеп окуучулары жана ата-энелери менен жолугушууларды өткөрүшүүдө.
Бүтүрүүчүлөр майрамдык маанай менен атайын унааларды жалдашып, эс алуучу жаратылыш жайларына, түнкүсүн кафе, клуб, ресторандарга чогулуп, ичимдик ичип, унаа башкарып мыйзамсыз иштерге катышып калбоосун эскертишүүдө.
Рейддин максаты жаш өспүрүмдөрүнүн жол-транспорт кырсыктарына жана мыйзам бузууларга кабылуусун алдын алууга багытталган.

1e399c5e 0af0 44e8 abc4 708b295aea05 Бишкектеги мектептер кайгуулчулардын катуу көзөмөлүндө
506546c1 7a9f 4036 a642 687ef57ff6f7 Бишкектеги мектептер кайгуулчулардын катуу көзөмөлүндө
d196bcf0 0195 40cb 8635 5832c53aff14 Бишкектеги мектептер кайгуулчулардын катуу көзөмөлүндө