Ноокат районунда 22 мал уурдаган жаран кармалды

Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 23-май күнү Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл аймагынын сегиз тургуну Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылышкан.
Анда алар 2023-жылдын апрель айында жалпы 22 баш малдарын жайытка айдашып, ошол бойдон таппай калышкандыгын билдиришкен.
Аталган арыздар Ноокат РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 205-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн (уурдоо) кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.


Жарандарга жалпы 1 420 000 сом материалдык зыян келтирилген.
Жүргүзүлгөн ыкчам издөө-иш чараларынын негизинде шектүү катары ушул эле райондун 33 жаштагы Д.М. аттуу жараны кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Шектүү уурдалган малдарды Ноокат районундагы мал базарда жана өзү жашаган үйүнөн мал алып сатып иштеген атуулдарлды чакырып саткандыгы аныкталган”
, – деп айтылат маалыматта.


Тергөөнүн жүрүшүндө 5 баш мал ээлерине кайтарылды.
Учурда мал урулукка тиешеси бар башка атуулдарды аныктоо боюнча ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.