Бишкектин түштүгүндө түнкүсүн суу берүү токтотулат

Бишкектин түштүк райондорунда түнкүсүн суу берүү токтотулат. бул тууралуу «Бишкексууканалдан» билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул аргасыз чара, анткени борбор калааны туруктуу суу менен камсыз кылуу үчүн суу сактагычтарды толтуруу зарыл.

«Бишкек шаарынын түштүк кичи райондорунда үйлөрдүн жогорку кабаттарында, ошондой эле «Ынтымак» жана «Ала-Арча» конуштарында ичүүчү сууну берүү кечки 23:00 дөн танкы 06:00 чейин токтотулат», — деп айтылат маалыматта.