Бишкекте айрым көчөлөрдө маал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат

Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Катар мамлекетинин Эмири мамлекеттик сапары менен Кыргызстанга келүүсүнө байланыштуу Бишкек шаарынын төмөнкү борбордук көчөлөрүндө унаа каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөөлөр төмөнкү жолдордо киргизилет:

  • Манас Эл Аралык Аэропорту Фучик көчөсү Жибек-Жолу проспектисине чейин;
  • Жибек-Жолу проспектиси, Фучик көчөсүнөн тартып чыгышты карай Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгү;
  • Жаш Гвардия бульвары, Жибек-Жолу проспектисинен Чүй проспектисине чейин;
  • Чүй проспектиси, Жаш Гвардия бульварынан Манас проспектисине чейин;
  • Манас жана Ч.Айтматов проспекти, Чүй проспектисинен “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү;
  • “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясынан тартып, “Ала-Арча” эс алуу паркына чейинки бөлүктөрүндө.
    Урматтуу шаардын жашоочулары жана коноктору!
    “Өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын маанилүүлүгүнө байланыштуу, Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы, убактылуу киргизилген чектөөлөргө шаардын тургундары менен конокторун түшүнүү менен кабыл алууларына чакырат.
    Жолдо жүрүү эрежерин так сактоого жана айдоочулук маданияттуулукту сактоого, транспорт каражаттарын жогоруда көрсөтүлгөн унаа жолдорунун боюнда таштап жана кароосуз калтырбооңуздарды суранат. Кароосуз калтырылган унаа каражаттары, эвуакатордын жардамы менен алынат.
    Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн алдын ала кечирим сурайт жана мамлекеттик маанилүү иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу, жол кыймылынын катышуучулары көрүлүп жаткан чараларга түшүнүү менен мамиле кылууларына ишеним артат. Маршруттук өзгөрүүлөр болсо кошумча маалымдайбыз”, – деп айтылат билдирүүдө.