Шайлообек Атазов Бейөкмөт уюмдар боюнча пикирин билдирди

Бүгүн, 14-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов «Бейөкмөт уюмдар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоордун демилгечилеринин катарынан чыгууну ойлонуп жатканын билдирди.

Атазов бул маселенин айланасында чечим кабыл ала электигин айтып, буларга токтолду.

«Бүгүн-эртең пикиримди билдирем. Себеби документти терең изилдеп чыкканда пикир келишпеген жерлери бар экен. Биз эл аралык мамилелерге, адам укуктарынын сакталышына көңүл бурушубуз керек»,-дейт Атазов.

Өткөн жылдын 21-ноябрында Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштаган. Башында аталган мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Надира Нарматова жалгыз болсо, кийин 32 депутат кошулган.

Бирок, 8-июндан тарта бир катар депутаттар долбоордун демилгечиси болуудан баш тартып жатышат.

YouTube video