Эмил Токтошев Надира Нарматова демилгелеген мыйзамдан баш тартты

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев Надира Нарматова демилгелеген “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбооруна авторлош болуудан баш тартканын билдирди.

«мыйзам долбоорунун айланасында кайчы пикирлер жаралып жатат. Мен башына авторго эки шарт менен кабыл алуу керектигин айткам: биринчиден, келген акча ачык болуш керек, анан чыгымдалганын дагы көрсөтүп коюшсун. Башында демилгечи топко киргем, кийин кайра чакыртып алдым. Себеби аябай көп нерсе кошулуп калган»,-деди депутат.

image 8 Эмил Токтошев Надира Нарматова демилгелеген мыйзамдан баш тартты