Жапаров балдардын коопсуздугу үчүн тыюу салынган нормаларды бекитти

Президент Садыр Жапаров “КРнын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, “Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө”, “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КРнын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам балдардын жана өспүрүмдөрдүн адеп-ахлактык, дене бой, психологиялык жана социалдык ден соолугун камсыз кылуу, сактоо жана чыңдоо үчүн коопсуз маалыматтык чөйрөнү түзүү максатында кабыл алынган.

Алсак, кабыл алынган Мыйзамдын менен “Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы төмөнкүлөр менен толукталат:

  • “балдардын маалымат коопсуздугу”, “балдардын ден соолугуна же өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалымат”, “маалымат продукциясы”, “балдар үчүн маалымат продукциясы” деген түшүнүктөр;
  • жашы жете элек балдардын дене бой, интеллектуалдык, руханий өнүгүүсүнө зыян келтириши мүмкүн болгон жаңылык эмес мүнөздөгү программаларды жана берүүлөрдү жашы жете элек балдардын көрүүсүнө карата техникалык чектөөлөрдү белгилөө зарылдыгы жөнүндө талаптар;
  • 21- (балдардын ден соолугуна жана өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматтын түрлөрү) жана 31- (маалымат-телекоммуникациялык тармактар аркылуу маалымат таратууга жана балдар үчүн тыюу салынган маалымат продукциясын жүгүртүүгө карата кошумча талаптар) жаңы беренелер.

Ошондой эле массалык маалымат каражаттарында балдар арасында таратууга тыюу салынган балдардын ден соолугуна жана дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматты таратууга жол берилбейт.

Ал эми балдардын ден соолугуна же өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү, балдар арасында таратуу үчүн тыюу салынган маалыматты таратуу, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарын жана (же) маалымат-телекоммуникациялык тармактарды (анын ичинде “Интернет” тармагын) пайдалануу менен таратуу, эгерде бул иш-аракеттер кылмыш жазасына тартуучу жосунду камтыбаса Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылат.

Балдардын ден соолугуна жана өнүгүүсүнө зыян тийгизүүчү, алардын арасында таратууга тыюу салынган маалыматтарга төмөнкүлөр кирет:

1) балдардын өз өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч жаратуучу иш- аракеттерди жасоосуна, анын ичинде өз ден соолугуна зыян келтирүүгө, өзүн- өзү өлтүрүүгө түрткү берүүчү;
2) балдардын баӊгизаттарын, психотроптук же маӊ кылуучу заттарды, курамында баңги заттар бар дары-дармектерди, тамеки буюмдарын, никотин камтылган продукцияларды, алкоголь жана спирт камтылган продукцияны, сыраны жана анын негизинде жасалуучу суусундуктарды, энергетикалык суусундуктарды колдонуу, кумар оюндарына катышуу, сойкулук, селсаяктык же тилемчилик менен алектенүүгө каалоосун козгоого жөндөмдүү;
3) зомбулукка же мыкаачылыкка жол берүүнү негиздөөчү же актоочу, же болбосо ушул Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, адамдарга же жаныбарларга карата зомбулук иш-аракетин жүзөгө ашырууга түрткү берүүчү;
4) үй-бүлөлүк жана салттуу коомдук баалуулуктарын жокко чыгаруучу, салттан тышкаркы сексуалдык мамилени пропагандалоочу жана ата-энесин же үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүн урматтабаган мамилени түзүүчү;
5) укукка каршы жүрүм-турумду актоочу;
6) уят сөздөрдү камтуучу;
7) порнографиялык мүнөздөгү маалыматты камтуучу.

Белгилүү бир жаш курактагы балдар арасында жайылтууга чектөө киргизилген маалыматка төмөнкү маалыматтар кирет:

1) мыкаачылыкты, дене бой же психикалык зомбулукту, кылмышты же коомго каршы башка аракетти сүрөттөө же сыпаттоо түрүндө берилүүчү; балдардын кооптонуу, коркуу же дүрбөлөң сезимин жаратуучу, анын ичинде зомбулуксуз өлүм, оору, өзүн өзү өлтүрүү, күтүүсүз кырсык, жол кырсыктары же катастрофалар жана алардын кесепеттеринин адамдын кадыр-баркын кемсинтүү формасында сүрөттөө же сыпаттоо түрүндө берилүүчү;
2) эркек менен аялдын ортосундагы жыныстык мамиленин сүрөттөө же сыпаттоо түрүндө берилүүчү;
3) уят сөздөргө кирбеген уруш сөздөрдү жана туюнтмаларды камтыган.

Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык балдар – Кыргыз Республикасынын эң баалуу байлыгы болуп жарыяланган.

Мамлекет балдардын ар тараптуу руханий, адеп-ахлактык, интеллектуалдык жана дене бой жактан өнүгүүсүнө өбөлгө болуучу шарттарды түзүү менен аларды мекенчилдикке жана атуулдукка тарбиялайт.

Ар бир бала анын дене боюнун, акыл-эсинин, руханий, адеп-ахлактык жана социалдык өнүгүүсү үчүн зарыл болгон жашоо деңгээлине укуктуу.