УКМКнын Жети-Өгүздөгү бөлүмү жаңы имараттуу болду

Бүгүн, 14-августта УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Жети-Өгүз райондук бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Ачылыш аземине УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, облус башчысы Илияз Иманбетов, Жети-Өгүз районунун акими Эрмек Бахавадинов, башкармалыктын өздүк курамы, улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери катышкан.

«Жаңы имарат кызматкерлер үчүн бардык заманбап талаптарга жооп берген керектүү шарттар менен толук жабдылган», — деп билдирет УКМК.

Иш-чарада Ташиев сөз сүйлөп, УКМКнын кызматкерлерине ишин натыйжалуу аткаруу үчүн мындан ары да шарттар түзүлө берерин айткан.

«Ошондой эле, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев коррупцияны жоюу жана уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча чараларды ишке ашырууну улантуунун маанилүүлүгүн белгилеп, президент Садыр Жапаров тарабынан коюлган Кыргызстандагы коопсуздукту камсыз кылууга жана мыйзамдуулукту бекемдөөгө багытталган милдеттерди жогорку кесипкөйлүк менен аткаруу зарылдыгын билдирди», — деп айтылат маалыматта.

3d330d43 ef62 492d 801d 20a03de74d91 УКМКнын Жети-Өгүздөгү бөлүмү жаңы имараттуу болду
2c166410 b159 45bc a520 fbbb36ffe1d1 УКМКнын Жети-Өгүздөгү бөлүмү жаңы имараттуу болду
4f666abb 293e 48d4 9368 9666249a00b9 УКМКнын Жети-Өгүздөгү бөлүмү жаңы имараттуу болду
a6affabb ab7e 43ca afb9 b2d62bbf30c0 УКМКнын Жети-Өгүздөгү бөлүмү жаңы имараттуу болду