Президент коргонуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына кол койду

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын коргонуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамына кол койду.

Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, мыйзам 2023-жылдын 21-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамда Кыргызстандын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын ченемдерине, Конституцияга,  Кылмыш-жаза кодексине, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине, Жаза аткаруу кодексине, Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык келтирүү, ошондой эле президенттин, Министрлер кабинетинин, коргоо жана аскердик коопсуздук боюнча коргонуу маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктарын аныктоо, Куралдуу Күчтөрдүн курамын жана милдеттерин өзгөртүү, ошондой эле кайталануучу, эскирген жана коррупциялык ченемдерди алып салуу каралган.

Ошондой эле, кабыл алынган мыйзам менен «Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди, ага ылайык мобилизациялык органдар жөнүндө Жобо президент тарабынан бекитилет.

Ошону менен бирге, аталган мыйзам менен «Кыргызстандын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» мыйзамына офицердик курамдын аскер кызматчыларынын аскердик кызматта болуусунун чектүү курагын көбөйтүүсү, 30 жашка чейинки аскерге милдеттүүлөрдүн (биринчи категориядагы запаска каттоого алынгандардын жана жогорку билими бар) запастагы офицерлерди даярдоо программасы боюнча мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүсүн караган бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизилди, аларды аяктагандан кийин аскерге милдеттүүлөргө запас боюнча офицердик курамдын «кенже лейтенант» биринчи аскердик наамын ыйгаруусу, ден соолугунун абалы боюнча чектөө даражасына ээ адамдарды альтернативдик кызматка чакыруусу боюнча өзгөртүүлөр киргизилди.

Кабыл алынган мыйзам менен “Коргоо жана куралдуу күчтөрү жөнүндө” мыйзамына укук коргоо органдарынын күчтөрү жана каражаттары аларды чечүү үчүн жетишсиз болгон учурда кризистик кырдаалдардын алдын алуу жана жеңүү боюнча иш-чараларга Куралдуу Күчтөрдүн катышуусун караган ченемди алып салуу бөлүгүндө өзгөртүүлөр киргизилди.