К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды

УКМКдан билдиришкендей, ири суммадагы акча каражатын алып жаткан учурунда К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү О.у.Н. кармалган.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 8-августунда Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан КР Кылмыш-Жаза кодексинин 208-беренесинин 8-бөлүмүнүн 2-пункту (Опузалап талап кылуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, мурда үч жолу соттолгон, учурда КР Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №31- мекемесинде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 1984-ж.т. Нарын облусунун тургуну О.у.Н. кармалды, ал акыркы алты ай бою шантаж жана күч колдонуп зомбулук көрсөтөм деп коркутуу жолу менен жабырлануучудан дайыма акча каражатын алып турган.

Кармалган О.у.Н. КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

      
55b318c8 6ff7 4599 996e e2fa32e6deb4 К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды
7c727684 fb5b 4388 a02f 924ea8c022c5 К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды
24beab99 3413 4a32 90be d0e1da96003f К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды
09473811 c866 408e 8bb6 3e8b011e41c2 К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды
498e35f2 853b 407e b5db 6c6571a5c537 К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды
541f34a1 f3ea 4124 9d13 fdce39d183b3 К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды