Жалал-Абад шаарында катталган окуя боюнча милициянын билдирүү жасады

ИИМдин басма сөз кызматы Жалал-Абад шаарынын Спутник кичирайонунда болгон окуя боюнча үн катты.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаардык ИИБнын маалыматтарды каттоо журналында катталып, мушташкан жарандардын өздүгү аныкталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө ооруканага жана ички иштер бөлүмүнө эч кимиси кайрылган эмес, ошондой эле бири-бирине доо-арыз жазгандан баш тартышкан.


Аталган фактынын бардык жагдайларын тактоо боюнча Жалал-Абад ШИИБи тарабынан ыкчам-иликтөө иштери уланууда.